Редакцияот 03.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын VI сессиясы

 

2018-жылдын 03-апрели №50

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин депутаты А. Сулпукоровдун жана айыл өкмөт башчысы А. Бекишовдун Аӊ-Арык айылынын Борколдой учаскасындагы Коӊур-Өгүз суусуна “Апакем” коомдук бирикмесинен келип түшкөн донорлук каражатка көпүрө курууга уруксат берүү жөнүндө

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү VI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Аӊ-Арык айылындагы Борколдой учаскасынан Коӊур-Өгүз суусуна көпүрө курууга уруксат берилсин.

2.    Көпүрөөгө керектүү АПУ жана ИПУну даярдап берүү жагы Токтогул архитектура жана шаар башкармалыгынан суралсын.

3.    Көпүрө курууга керектүү документацияларды даярдоону өз убагында камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы А. Д. Бекишовго милдеттендирилсин.

4.    Көпүрө курууга керектүү документацияларды даярдоого кеткен акча каражат Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин бөлүнүп берилсин.

5.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана Курулуш, архитектура, энергетика, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

6.    Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет

7.    Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

Тѳрага

Г.Б.Сманова