Редакцияот 05.06.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын VII сессиясы

 

2018-жылдын 05-июну №70

Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын территориясынын жаратылыш паркына жер бөлүп бербөө жөнүндө

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин Курулуш, архитектура, энергетика транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын 31.05.2018-жылдагы отурумунун токтомунун негизинде Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын территориясынын жаратылыш паркына жер бөлүнүп берилбесин жана айыл аймактын территориясынын жаратылыш паркы түзүлбөсүн.

2.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин Курулуш, архитектура, энергетика транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

3.    Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет

4.    Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

Тѳрага

Г.Б. Сманова