Редакцияот 19.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Талас шаардык Кеңешинин VII чакырылыштагы кезектеги XIX сессиясы

 

2018-жылдын 19-марты №107/19-7

Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 2017-жылга карата жасалган иштери жана кабыл алынган токтомдордун аткарылышы жөнүндө

 

Талас шаардык кеңешинин Регламентинин 2-бөлүм 3-баптын 3.6 пунктуна ылайык, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 2017-жылга карата жасалган иштери жана кабыл алынган токтомдордун аткарылышы жөнүндө отчетун угуп, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 2017-жылга карата жасалган иштери жана кабыл алынган токтомдордун аткарылышы жөнүндө отчету “канааттандырарлык” деп табылсын.

2.    Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

М. Есенкулов