Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 04-июлу №94/34-6
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», “Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамдарынын тиешелүү беренелеринин талаптарына ылайык “Кара-Көл шаарынын 2016-жылга шаардык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы Ж.Т. Осмонкуловдун, шаардын мэринин м.а. Н.С.Жекшеевдин жана шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.С.Жетешикованын билдирүү-маалыматын угуп, талкуулап Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Көл шаарынын 2016-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Финансы Министирлигинин 06.01.2016-ж. №14-02-2/103 сандуу катынын негизинде Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине киргизилген 110 628,4миң сом суммасында балансташтырылып №№1,2,3,4,5-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Кара-Көл шаарынын 2017-2018-жылдарга шаардык бюджетинин негизги параметрлеринин болжолу Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин 06.01.2016-ж. №14-02-2/103 сандуу катынын негизинде №1-тиркемеге ылайык жактырылсын.
3. “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамынын 22-беренесинин талаптарынын негизинде шаардык бюджетти камсыз кылуу кызыкчылыгын коргоо, балансташтыруу максатында шаардык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылбагандыгы үчүн жоопкерчилик шаардык мэрияга (Жекшеев Н.С.), шаардык салык кызматынын башкармалыгына (Муратов Т.Т.) жана шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (Сарбалаев К.С.) жүктөлөрү белгиленсин.
4. Шаардык салык кызматынын башкармалыгы (Муратов Т.Т.) жана шаардык муниципалдык менчик башкармалыктары (Сарбалаев К.С.) тарабынан салыктар жана жыйымдар боюнча максаттуу көрсөткүчтөрүнүн пландары салыктык, жыйымдык базаларынын аздыгынан жоготууга учуроо жагдай пайда болсо эсеп-кысап, аргумент анализдерин шаардык мэрия жана шаардык каржы бөлүмүнө оперативдүү түрдө билдирүүлөрү, ал эми шаардык мэрия (Жекшеев Н.С.), шаардык каржы бөлүмү (Осмонкулов Ж.Т.) берилген эсеп-кысап, аргумент-анализдердин негизинде Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги менен макулдашып шаардык кеңешке шаардык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү сунуштарын берип, тиешелүү токтом чыгартуулары белгиленсин.
5. Шаардык каржы бөлүмүнө:
5.1. “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесинин 4-пунктунун талабына ылайык шаардык бюджеттин 2016-жылга каралган чыгымдарды каржылоону биринчи кезекте коргоого алынган беренелер (эмгек акы, соц.фондго чегерүү, тамак-аш, жеңилдиктер) жана коммуналдык кызмат боюнча жүзөгө ашыруусу, ал эми калган чыгымдарды приоритеттүүлүгүнө жараша шаардык бюджеттин балансташканын эске алуу менен жүргүзүүсү сунушталсын;
5.2. “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамдын 15-беренесинин талабына ылайык жыл ичинде оперативдүү, тез аранын ичинде чечилүүчү маселелери бюджеттик мекемелердин беренелериндеги каражаттарды (коргоого алынган беренелерден сырткары) алардын өтүнүчтөрүнүн негизинде беренеден беренеге жылдыруу менен бюджеттин балансташканын эске алып каржылап берүүгө бюджеттик комиссиянын тиешелүү чечими менен уруксат берилсин, ал эми бөлүмдөн бөлүмгө жылдыруу жана каржылоону шаардык кеңештин чечими менен гана ишке ашырылуусу белгиленсин.
5.3. “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамдын 37-беренесинин талабына ылайык республикалык бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелерге (шаардык мэриянын муниципалдык менчигинде турган обьектилерди эске албаганда) шаардык бюджеттен каражат бөлүүгө жана каржылоого жол бербөө жагы милдеттендирилсин.
6. “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамдын 17-беренесинин талабына ылайык пландан ашыкча жыйналган кирешелердин көлөмү жылдын жыйынтыгы менен гана аныкталуусу эскертилип, айдын, кварталдын жыйынтыгы менен пландан ашыкча жыйналган каражаттарды кийинки айдын, кварталдын пландуу чыгымдарына каржылоо шаардык каржы бөлүмүнө сунушталсын.
7. Бул токтомдун №5-тиркемесиндеги шаардык мэриянын социалдык-экономикалык стратегиялык өнүгүү планында, же “Өнүгүү бюджетинде” каралган
27 104,0миң сомдук каражат шаардык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышына жараша шаардык бюджеттин балансташканын эске алуу менен шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын тиешелүү беренеси аркылуу мыйзам чегинде каржылануусу белгиленсин.
8. “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамдын 21-беренесинин талабына ылайык жалпы шаардык бюджеттин чыгымдарынын (атайын каражатсыз) 104 128,4миң сомдук көлөмүнүн 0,9 (нөл бүтүн ондон тогуз) пайызы, же 937,1миң сом өлчөмүндө шаардык мэриянын жана шаардык кеңештин резервдик фонду түзүлсүн жана анын 562,3миң сому шаардык мэриянын, 374,8миң сому шаардык кеңештин резервдик фонду болуп бекитилсин жана “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамдын 46-беренесинин талабына ылайык шаардык бюджеттин балансташканын эске алуу менен каржылануусу белгиленсин.
9. Шаардык бюджет боюнча жүгүртүлүүчү кассалык-накталай акчасы 2016-жылдын 1-январына 150,0миң сом суммасында белгиленсин.
10. Кыргыз Республикасынын “Граждандык коргоо” жөнүндө мыйзамынын 2-бөлүмүнүн 10-беренесинин “Калкты жана аймакты табигый жана техногендик мүнөздөгү Өзгөчө кырдаалдардан коргоо жөнүндөгү” мыйзамдын 13-беренесинин талабын аткаруу максатында өзгөчө кырдаал учурунда алардын кесепеттерин жоюу максатында пайдаланууга шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын “Унаа чыгымы” беренесинде 300,0миң сом “кол тийбес запас” катары, а.и. Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгына 50,0миң сом, Кетмен-Төбө аймактык башкармалыгына 50,0миң сом, Кара-Көл шаарына 200,0миң сом кармалуусу жана бул каражаттарды өзгөчө кырдаалдар учурунда атайын түзүлгөн комиссиянын эсеп-кысаптары менен аргументтелген корутунду-чечиминин негизинде каржылоого уруксат берилсин.
11. “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизинде принциптери жөнүндө” мыйзамдын 22-беренесинин талаптарына ылайык бюджеттик каражаттарды ушул эле мыйзамдын 20-беренесинин талабынын негизинде аргументтелген документтерге таянып, максаттуу сарпталышына бюджеттик мекемелердин жетекчилеринин түздөн-түз жоопкерчилигинде экендиги белгиленсин, ал эми шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн бюджеттин балансташканын эске алуу менен каржыланышы жана аткарылышы боюнча жоопкерчилик шаардык каржы бөлүмүнө (Осмонкулов Ж.Т.) жүктөлсүн.
12. “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамдын 16-беренесинин талабына ылайык учурдагы жылы кабыл алынган ченемдик укуктук актылар боюнча кошумча финансы ресурстарын талап кылган чыгымдар “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамынын 22-беренесинин талаптарын сактоо менен кийинки жылдык бюджетте бюджеттин акыбалына жараша каралаары белгиленсин.
13. Бул токтомду шаардык кеңештин аппараты тарабынан жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелерге жеткирилүүсү милдеттендирилсин.
14. Бул токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга (Жекшеев Н.С.), шаардык салык кызматынын башкармалыгына (Муратов Т.Т.), шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (Сарбалаев К.С.) жана шаардык каржы бөлүмүнө (Осмонкулов Ж.Т.), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Жетешикова Г.С.) жүктөлсүн.
Тѳрага | Женбеков М.К. |
|
|