Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-марты №12/5
Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын №1-12/168 12.03.2018-жылдагы кайрылуу катын Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары карап, талкуулап чыгып (VII чакырылыштагы кезектеги ХII - сессиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставы бекитилсин (устав тиркелет).
2.Бул токтомду аткаруу жагы Көк-Жаңгак шаардык мэриянын аппарат жетекчиси М.Акумбаевага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Көк-Жаңгак шарынын мэри У.Исмаиловго жүктөлсүн.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Тѳрага | Б. Маткаримов |
|
|
| «БЕКИТИЛДИ» Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 29.03.2018 жылдагы 12/5 токтому менен
|
Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү жамаатынын
I. Жалпы жоболор
II. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү маанидеги маселелер
III. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары
IV. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселерди чечүүгө катышуусу
V. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздери
VI. Корутунду жоболор
I. Жалпы жоболор
Жалпы жоболор
Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы - жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курутайларында талкуунун жыйынтыгы менен шаардык кеңештин токтому аркылуу бекитилөөчү, жергиликтүү жамааттын ич-ара жашоо-турмушун негизги эрежелерин жана принциптерин жөнгө салуучу, жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин кароочу, жергиликтүү жамааттардын бюджеттик процесстерге катышуусун кошкондо жергиликтүү маанидеги маселелерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелерин чечүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бири бири менен жана жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартирбин кароочу акт болуп саналат.
1.2. Ушул Устав Көк-Жаңгак шаарынын аймагында колдонулат жана өздөрөнүн уюштуруу-укуктук түрлөрүнө карабастан, шаар аймагында иштеп жаткан бардык юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар жана алардын бирикмелери үчүн милдеттүү болуп саналат.
2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
Ушул Уставда төмөндөгү түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
жергиликтүү маанидеги маселелер – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле өздөрүнүн түздөн түз эрктерин билдирүү менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү чечүүчү, шаар аймагынын калкынын жашоо-турмушун түздөн түз камсыз кылуунун маселелери;