Редакцияот 02.05.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Капчыгай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын VIII сессиясы

2018-жылдын 02-майы №8.3

Капчыгай айыл аймагынын Сары-Бээ айылындагы Өрдөш участкасына өтүүчү Кара-Жылга суусундагы көпүрөнү кайрадан калыбына келтирип ондоо жөнүндө

 

Капчыгай айыл аймагынын Сары-Бээ айылындагы Өрдөш участкасына өтүүчү Кара-Жылга суусуна көпүрөсүн кайрадан калыбына келтирип ондоо зарылдыгы боюнча Сары-Бээ айылынын жалпы жашоочуларынын элдик жыйынынын сунушун угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Капчыгай айыл аймагынын Сары-Бээ айылындагы Өрдөш участкасына өтүүчү Кара-Жылга суусунун көпүрөсүн кайрадан калыбына келтирип ондоо зарылдыгы боюнча Сары-Бээ айылынын жалпы жашоочуларынын элдик жыйынынын сунушу жактырылсын.

2. Капчыгай айыл аймагынын Сары-Бээ айылындагы Өрдөш участкасына өтүүчү Кара-Жылга суусунун көпүрөсүн кайрадан калыбына келтирүү зарылдыгы боюнча Сары-Бээ айылынын жалпы жашоочуларына шарт түзүп берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинин Кара-Кулжа райондук бөлүмүнөн суралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысы М.Сатыбалдыевге жана Сары-Бээ айылынын айыл башчысы А.Жаманкуловго милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

П. Сайдилканова