Редакцияот 23.07.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Капчыгай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын VIII сессиясы

 

2018-жылдын 23-июлу №8.5

Капчыгай айылдык Кенеши Капчыгай айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетине акча каражатын киргизүү жөнүндө

 

Капчыгай айылдык Кенеши Капчыгай айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетине акча каражатын киргизүү максатында

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Капчыгай айыл өкмөтүнүн бюджетине ПРООН тарабынан келип түшкөн акча каражаты Капчыгай айыл аймагынын даректүү жерлерине каржылансын.

2. Капчыгай айыл аймагындагы Сары-Бээ айылы сугат суу менен камсыздалсын жана Сары-Бээ айылындагы «С.Сатыбалдыев» атындагы маданият үйү кезектеги ремонттон толук өткөрүлсүн.

3. Бөлүнгөн акча каражаты максаттуу өз ордуна жумшалсын.

4. Бул акча каражатын бөлүп берүү жагы финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Кадыровага милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы М.Сатыбалдыевге жүктөлсүн.

 

Тѳрага

П. Сайдилканова