БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бекмолдо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз сессиясы
2018-жылдын 06-марты №8
Кара-Ой айылындагы бала бакчасына өзүнчө электр линиясын тартуу жөнүндө
Сессияда кайрылган маселени карап жана талкуулап чыгып, Бекмолдо айыл кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайрылучулардын сессияга киргизген сунушу канааттандырылсын.
2. Бекмолдо айыл аймагындагы Кара-Ой айылындагы бала бакча капиталдык ремонттон өтүп, иштеген жаткандыгына байланыштуу бала бакчага электр трансформаторунан өзүнчө 1 (бир) фидер тартып келүү үчүн 30 000 (отуз миң) сом акча каражаты ашыкча түшкөн акча каражатынан бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К. Молдобековго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Ибраимов |
|
|