Редакцияот 06.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бекмолдо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2018-жылдын 06-марты №9

Бекмолдо айыл аймагынын «ПАЗ» автобусунун айдоочусу Н. Курманалиевдин кайрылуусу жөнүндө

 

Сессияда кайрылган маселени карап жана талкуулап чыгып, Бекмолдо айыл кеңешинин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кайрылуучунун сессияга киргизген сунушу канааттандырылсын.

2.    Бекмолдо айыл аймагына «ПАЗ» автобусунун айдоочусу Нурадин Курманалиевге Бекмолдо айыл аймагынын балансындагы автобусту кезектеги ремонту үчүн керектелүүчү тетиктерди сатып алуу үчүн 120 500 ( жүз жыйырма миң беш жүз) сом акча каражатын ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен бөлүнүп берилсин.

3.    Бул токтомду аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К. Молдобековго милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

А. Ибраимов