Редакцияот 14.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бекмолдо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2018-жылдын 14-марты №15

Бекмолдо айыл аймагынын Сасык-Булак айылынын № 7 «Шумкар-Уя» ҮДТ бунун кайрылуусу жөнүндө

 

Сессияда кайрылган маселени карап жана талкуулап чыгып, Бекмолдо айыл кеңешинин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кайрылуучунун сессияга киргизген сунушу канааттандырылсын.

2.    Бекмолдо айыл аймагына караштуу Сасык-Булак айылынын № 7 «Шумкар-Уя» ҮДТ бунун жетекчиси Т. Сагыналиевдин кайрылуусу менен ҮДТнын теректерин кыюууга жана ошол теректерди сатуудан түшкөн акчага жогоруда кайрылган кайрылуусунда айтылган 2 (эки) даана асбест трубасын сатып алынсын.

3.    Бул токтомду аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К. Молдобековго милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

А. Ибраимов