Редакцияот 01.06.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бекмолдо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2018-жылдын 01-июну №46

Бекмолдо айыл өкмөтүнүн соц.адис кызматкери Калилова Айнуранын жазган кайрылуусу жөнүндө

 

Бекмолдо айыл өкмөтүнүн соц.адис кызматкери Калилова Айнуранын жазган кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып ,айылдык Кенештин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Бекмолдо айыл өкмөтүнүн соц.кызматкери Калилова Айнуранын жазган кайрылуусу канааттандырылсын.

2.    Талас райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 18-декабрындагы 2018-2019-жылдары үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо программасын ишке ашыруу максатында Бекмолдо айыл аймагынын турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр үчүн киреше алып келүүчү долбоорлорду ишке ашырууга бюджеттин эсебинен өздүк салымга 40 000 (кырк мин) сом бөлүнүп берилсин.

3.    Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Молдобековго милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

А. Ибраимов