Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-апрели №1
Исфана шаар мэриясынын жаштар жана спорт тармагындагы жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө отчетун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XIIIсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэриясынын жаштар жана спорт тармагындагы жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө отчету канааттандырарлык эмес деп табылсын (отчет тиркелет).
2. Белгиленген кемчиликтерди кыска мөөнөттө четтетүү жагы Исфана шаар мэриясына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт жана депутаттык этика, коомдук иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Б.И. Тагаев |
|
|
| Исфана шаардык Кенешинин V чакырылышынын 2018-жылдын 24-апрелиндеги кезектеги XIII сессиясынын №1 токтомуна тиркеме
|
Исфана шаар мэриясында жаштар жана өспүрүмдөр менен иштөө боюнча
ошондой эле спорт тармагында аткарылган жумуштар тууралуу
МААЛЫМАТ
2017-жыл ичинде
1. Мектеп окуучуларынын жана жаштардын арасында укук бузуулардын, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча февраль айында мектептердин социалдык педагогдору жана организатор мугалимдери менен жыйын өткөрүлүп, мектептерде зордук-зомбулуктун, мектеп рэкетчилигинин, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча маселелер каралды, балдардын ишеним телефону “111” тууралуу маалымат берүү жагы мектеп администрацияларына тапшырылды.
Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 17-февралындагы №2/35 сандуу буйругун аткарууга жана жетекчиликке алып, өспүрүмдөрдүн өзүн-өзү курмандыкка чалуусуна өбөлгө түзгөн жана түзүлгөн кырдаал жалпы коомчулукту тынчсыздандырган жалпы интернет мейкиндигиндеги “”Морекит”, “Тихий дом”, “f58”, “d28”, “Хочу в игру”, “Разбуди меня в 4-20”, “В контакте”, “50 дней до моего...”, “Ну пока”, “Рина”, “Море китов” жана башка ушул сыяктуу социалдык желелердеги оюндар тууралуу, ошондой эле Исфана шаарынын аймагында өспүрүмдөрдүн арасында өз өмүрүн кыюсунун алдын алууга багытталган жана ыйман, адеп түшүнүктөрүн берүү үчүн Исфана шаарындагы 15 мектепте түзүлгөн график боюнча жыйындар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул жыйындарга шаардын хатибиятынын өкүлдөрү жана РИИБнун жашы жете электер менен иштөө инспекторлору катышты.
2. Жаштардын билим алуусуна заманбап технологияларды колдонуу менен шарт түзүү боюнча шаардын аймагындагы мектептерге интернет тармагын киргизүү иштери жүргүзүлүп 10 мектеп жана 2 бала бакчага интернет байланышы орнотулду. Мектептер: А.Навои, Исфана, Ысык-Көл, Токтогул, Ю.Гагарин, Амир Темур, Тайлан, Т.Жапаров, Гимназия-1, Гимназия-4. Балдар бакчалары: Кулунчак, Наристе.
Окуучулардын республикалык предметтик олимпиадасына, спартакиадаларына жана башка кароо-сынактарга катышкан окуучуларга Баткен областынын аймагында жана Бишкек шаарына барып келүүсү үчүн шаар мэриясынын эсебинен жол акысы төлөнүп берилди. 2017-жылдын ичинде 81881 сом акча каражаты окуучулардын жол чыгымдары үчүн бөлүнүп берилген. А.и.
- №1 Гимназия мектебинин окуучуларына – 27736 сом.
- №4 Гимназия мектебинин окуучуларына – 3467 сом.
- Ю.Гагарин атындагы орто мектебинин окуучуларына – 37899 сом.
- Тайлан орто мектебинин окуучусуна – 3155 сом.
- Ак-Булак орто мектебинин окуучуларына – 6000 сом.
- А.Навои атындагы орто мектебинин окуучуларына – 3000 сом.