Редакцияот 12.06.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Осмонкулов айылдык кеңешинин чакырылышынын кезектеги сессиясы

 

2018-жылдын 12-июну №13

И.Орозалиев атындагы Ак-Коргон орто мектебине Мерсико уюму тарабынан каржылануучу ажаатканасын жаңы салуу боюнча долбоорду дайындоо жөнүндө

 

Осмонкулов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 3-кезексиз сессиясынын 4-протоколунун негизинде И.Орозалиев атындагы Ак-Коргон орто мектебине Мерсико уюму тарабынан каржылануучу ажааткана салуу боюнча баштапкы долбоорду карап жана талкуулап

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1.    Осмонкулов айылдык аймагына караштуу И.Орозалиев атындагы орто мектебинин сырткы ажаатканасы жараксыз абалга келгенине байланыштуу, жаңы ажааткана курулсун.

2.    Токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Осмонкулов айылдык аймагынын башчысы У.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

А. Джумаев