КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-июну №59/XXII – 2
Кайыңды шаарынын мэриясынын аппаратынын кызматкерлерине, муниципалдык менчик боюнча бөлүмдүн аппаратынын кызматкерлерине жана Кайыңды шаардык кеңешинин аппаратынын кызматкерлерине сый акы берүү жөнүндө
“Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат күнүнө” карата, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:
1.Кайыңды шаарынын мэриясынын аппаратынын кызматкерлерине, муниципалдык менчик боюнча бөлүмдүн аппаратынын кызматкерлерине жана Кайыңды шаардык кеңешинин аппаратынын кызматкерлерине штаттык тизменин негизинде 1 (бир айлык) сый акы берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |