Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХV СЕССИЯСЫ
2018-жылдын 27-апрели № 1
Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдын 1-январына карата калган акча калдыгынын эсебинен «Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодекси жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык жана мекемелердин каттарын караган Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясынын 26-апрель 2018-жылдагы № 9 протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдын 1-январына карата калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен төмөнкүлөргө акча каражаты бөлүнүп берилсин:
· Нарын шаарындагы №1 Токтогул орто мектеби Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Дүйнөлүк азык-түлүк программасына пилоттук мектеп катары киргизилгендиктен мектептин ашканасын ремонттоого 145,0 миң сом;
· Нарын шаардык Кеңешинин 5 депутаттык фракциясына 300,0 миң сом;
· Нарын шаарындагы №10 Ж.Чолпонбаев атындагы мектебинин 5 окуучусуна республикалык «Манас таануу» интеллектуалдык таймашка катышуу үчүн жол киресине, жатаканасына 10,0 миң сом.
2. Каралган акча каражатты шаардык мэриясынын буйругунун негизинде чечип берүү жагы КРнын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Ботоканов |