КАРА-КОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 9-чу сессиясы
2018-жылдын 31-майы № 5
Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаты Илиязов Бактыбектин депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө
Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаты Илиязов Бактыбектин өз арызын карап чыгып айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаты Илиязов Бактыбек депутаттык өз шартына байланыштуу депутаттык мандатын тапшыруу боюнча өз арызынын негизинде депутаттык ыйгарым укуктары токтотулсун.
2. Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаты Илиязов Бактыбектин депутаттык ыйгарым укуктары токтотулганына байланыштуу Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттыгына Кара-Булуң айылынан кийинки көп добуш алган талапкерди аныктап берүү Ат-Башы райондук аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Төрага | Ш. Апысов |