Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-майы № 67
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине ылайык жана Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
"Муниципалдык турак жай фондун пайдалануу жана берүү тартиби жөнүндө" Жобо 1-тиркемеге ылайык;
муниципалдык турак жайды пайдалануу үчүн акы өлчөмүн аныктоо тартиби 2-тиркемеге ылайык.
2. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте:
1) Бишкек шаардык кеңешке төмөнкүлөрдү киргизсин:
үч айлык мөөнөттө жогоруда бекитилген Жобо боюнча кошумча сунуштарды киргизсин;
турак жай курулушун өнүктүрүү муниципалдык фондун түзүү боюнча сунуштарды;
жарандардын укуктарын коргоо үчүн турак жай маселелери боюнча комиссияларды түзүү боюнча сунуштарды;
муниципалдык турак жай фондун пайдалануу жана берүү тартиби жөнүндө жобону иштеп чыгуу жана актуалдаштыруу;
2) (Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 86 токтомуна ылайык алынып салынды)
3) макулдашуу комиссиясынын иш тартибинин долбоорун иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңешке киргизсин;
4) Кыргыз Республикасынын турак жай мыйзамдарында каралган тартипте кызматтык турак жайларда жашап жаткан муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын пайдалануучулар менен турак жайды мүлктүк ижаралоо келишимдерин түзсүн.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)