Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018 -жылдын 28-апрели № 160
«Мырза-Аке айылдык Кеңешинин кезектеги XI сессиясынын № 114 токтомунун 1-пунктуна өзгөртүү киргизүү Жөнүндө»
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XIV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени талкуулап, Социалдык маселелер, жаштар саясаты,спорт,жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү менен таанышып чыгып ,талкуулап, « Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XI сессиясынын 2017-жылдын 23-декабрындагы № 114 токтомунун 1- пунктуна өзгөртүү киргизилсин, 1- пункту төмөнкүдөй өзгөртүлсүн.
2. Коммунист айылынын тургуну Асылбү Жусупованын менчик үйүнө 75 орундуу 3 тайпага ылайык « Айдай Нур” балдар бакчасы ачылсын.
3. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине бала бакчаны камсыздоо үчүн кетирүүчү чыгымдарды эсептеп чыгып ,айыл өкмөтүнүн бюджетине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы жана бюджетти бөлүштүрүү жагы Өзгөн райондук финансы бөлүмүнө жана Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Суралсын райондук билим берүү ,санитардык –эпидемиологиялык көзөмөл борбору, өрт коопсуздугу .жаратылышты коргоо бөлүмдөрүнөн талапка ылайык бүтүмдөрдү чыгарып берүү жагы.
5. Райондук мамлекеттик администрациясынан токтомду бекитип берүү жана Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоого алуу жагы суралсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.
төрагасы | А.Кимсанов
|