Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XIV cессиясы
2018 -жылдын 28-апрели № 163
“Коммунист айылындагы “Касым кызы Зайна” атындагы мечиттин аталышын өзгөртүү жөнүндө”
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин VI (чакырылышынын ) депутаттарынын кезектеги IX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени талкуулап ,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.08.2008 жылдагы № 467 токтомун жетекчиликке алып , социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коммунист айылындагы мурдагы “Касым кызы Зайна” атындагы мечитти “Касым кызы Зайна ажы элдик мечити” деп атоону сураган жашоочулардын суроо талаптары канааттандырылсын.
2. Өзгөн райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы тарабынан тиешелүү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин
төрагасы | А.Кимсанов
|