Редакцияот 28.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XIV cессиясы 

2018 -жылдын 28-апрели № 164

«Гендердик саясатты өнүктүрүү, зордук зомбулукка эрте куракта турмушка чыгууга бөгөт коюу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө каражат бөлүү жөнүндө»

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XIV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып «Финансы,экономикалык бюджет жана инвестиция» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Гендердик саясатты өнүктүрүү, зордук зомбулукка эрте куракта турмушка чыгууга бөгөт коюу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө 10 000 ( он миң ) сом каражат бөлүнүп берилсин.

 2. Каражатты бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.

 

төрагасы

 А.Кимсанов