Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018 -жылдын 17-апрели № 5
“Бада акысы, бадачылардын жайлоого көчүп кетүү жана көчүп келүү убактысы боюнча бекитүү жөнүндө”
Кара-Суу айылдык кеңешинин экологияны сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Мамакеевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайлоого 05-майдан көчүп кетип, 15-сентябрдан көчүп келүү жагы бадачыларга милдеттендирилсин.
2. Бада акысы үчүн айына койго 70, эчкиге 60 сом, тузуна өзүнчө, жоготуп койсо койго кой, козуга козу, эчкиге эчки, улакка улак кылып башына баш төлөө жагы белгиленсин.
3. Бадага ала турган малдын саны 500 дөн ашпоо жагы белгиленип, 1- августка чейин кочкор, текени кошпоо жагы бадачыларга милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн
төрагасы | Т.Малабеков.
|