Загрузка документа…
2018 -жылдын 19-апрели № 24
“Кара-Таш айыл өкмөтүндөгү жашаган жарандар үчүн турак жай курууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө”
Кара-Таш айыл өкмөтүндөгү турак жай курууга жарандар үчүн жер тилкеси жоктугуна байланыштуу, Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн “Кочкор-Ата” айылынын “Мажүнүс” участкасынан жер бөлүп берүү боюнча Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан жер тилкесин берүү жагын Кара-Таш айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз 9 чу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Таш айыл өкмөтүндөгү турак жай курууга муктаж жарандарга турак жай салууга ыңгайлуу жерден жер тилкесин бөлүп берүү жагы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Боркошовго милдеттендирилсин.
төрагасы | Б.Максутов |