Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018 -жылдын 24-марты № 20-1
«Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Асановтун отчету жөнүндө»
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыйзамдарынын №111 беренесине ылайык аткаруучу органдары жана алардын кызмат адамдары өз иштеринде жергиликтүү кеңешке отчет бере тургандыгын эске алып Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Асанов 2017-жылдагы аткарылган иштер боюнча отчет берип анда айыл Кеңешинин депутаттары угуп, талкуулап төмөнкүдөй токтом кылат.
ТОКТОМ.
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Асанов 2017-жылда аткарылган иштери боюнча айыл Кеңешинин депутаттарына берилген отчету канааттандырарлык деп белгиленсин.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы айыл кеңешинин этика боюнча туруктуу комссиясына тапшырылсын .
төрагасы | Ж.Нурмаматов
|