Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018 -жылдын 24-марты № 20-2
«Жар Коргон айылынын тургуну Мамытов Эргештин арызын кароо жөнүндө»
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Жар Коргон айылынын тургуну Мамытов Эргеш айыл кеңешинин депутаттарына эски 1970-жылы курулган намазкананын ордуна жаңыдан мечит тургузуу үчүн арыз жазып кайрылган ошол арызды айыл Кеңешинин депутаттары карап чыгып төмөнкүдөй токтом кылат.
ТОКТОМ.
Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Жар Коргон айылынын тургуну Мамытов Эргештин арызынын негизинде эски намазкананы оңдоп ордуна жаңы 0,04га жер аянтына мечит салуу үчүн макулдук берилсин.
Жаңыдан салына турган мечиттин чиймесин чийип берүү жагы Ноокат райондук шаар курулуш башкармалыгынан суралсын.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн жер жана коммуналдык иштер боюнча башкы адис А.Эсеналиевке тапшырылсын.
төрагасы | Ж.Нурмаматов .
|