Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6- чакырылышынын кезектеги 20- отуруму (сессиясы)
2018 -жылдын 24-марты № 20-3
«ГСВ-7нин кайрылуусу жөнүндө»
Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Күңгөй Кожоке айылындажайгашкан №7 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты 1972-жылы курулган азыркы мезгилде эскилиги жетип полу жана жыгачтары чирип дубалы көчө баштагандыгына байланыштуу Күңгөй Кожоке айылынын тургундары айыл Кеңешини депутаттарына жаңылап куруу үчүн арыз менен кайрылган, ошол кайрылууну карап чыгышып талкуулап төмөнкүдөй токтом кылат.
ТОКТОМ.
Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Күңгөй Кожоке айылында жайгашкан №7 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын жаңылап салуу үчүнүй бүлөлүк дарыгерлер тобунун жерине тиешелүү 0,18га жерден 0,10га жерге жаңыдан ГСВ салуу үчүн ажыратып берүү жагына макулдук берилсин.
№7 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын чиймесин чийип мыйзамдаштырып берүү жагы Ноокат райондук жана шаар курулуш башкармалыгынан ошондой эле айлана чөйрөнү коргоо башкармалыгынан суралсын.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы айыл кеңешинин депутатты Жолдошов Асилбекке тапшырылсын.
төрагасы | Ж.Нурмаматов
|