Загрузка документа…
2018 -жылдын 24-марты № 20-6
«Үлүш жерлер жөнүндө»
Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Чеч Дөбө, Жар Коргон, Кожоке, Күңгөй Кожоке, Жаңы Базар айылдарында жашаган элдердин үлүш жерлерине алма, өрүк, шабдалы гиларс көчөттөрү эгилип жаткандыгына байланыштуу жол жоболорун жердин кыртышы төмөндүгүн илим изилдөө институтунун текшерүүсүнүн корутундусунун негизинде жердин асылдуулугуна карата макулдук берүү жөнүндө төмөнкүдөй токтом кылат.
ТОКТОМ.
Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Чеч Дөбө, Жар Коргон, Кожоке, Күңгөй Кожоке, Жаңы Базар айылдарында жашаган элдердин үлүш жерлерине олтургузулган алма, өрүк, шабдалы, гиларс көчөттөрүн олтургузуу үчүн илим изилдөө институтунун кортундусунун негизинде макулдук берилсин.
Үлүш жерлерге алма, өрүк, гиларс,шабдалы олтургузуп жаткан айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин айыл өкмөтүнүн жер жана коммуналдык иштер боюнча башкы адис А.Эсеналиевге милдеттендирилсин.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ү.Маткалыковго жана айыл өкмөтүнүн жер жана коммуналдык иштер боюнча башкы адис А.Эсеналиевге тапшырылсын .
төрагасы | Ж.Нурмаматов |