Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6-чакырылышынын кезектеги 20-отуруму(сессиясы)
2018 -жылдын 24-марты № 20-7
«Кен байлыктар жөнүндө»
Н.Исанов атындагы айыл Кеңешинин аймагынан шайланган депутаттардан айыл өкмөтүнүн кен байлыктарына келген жеке ишкерлердин жана парталга жырыяланып бүтбөй калган иштердин иш кагаздарын көрүп туруу үчүн ар бир айылдан шайланган дупутаттардан комиссиянын курамын 5-адамдан көрсөтүү жөнүндө айыл Кеңеши төмөнкүдөй токтом кылат.
ТОКТОМ.
Н.Исанов атындагы айыл Кеңешинин аймагындагы айылдардан шайланган айыл Кеңешинин депутаттарынан айыл өкмөтүнө караштуу кен байлыктарына келген жеке ишкерлердин жана парталга жарыяланып бүтбөй калган иштердин тийиштүү иш кагаздарын өз учурунда көрүп турууүчүн төмөнкү айыл Кеңешинин депутаттары комиссиянын курамына көрсөтүлсүн.
Карамоторов Жуман-Чеч Дөбө шайлоо окуругунан шайланган депутат.
Мадимаров Жаныш -Жар Корогон шайлоо окуругунан шайланган депутат.
Сыдыков Маматали – Кошчан шайлоо окуругунан шайланган депутат.
Жумабаев Атабек-Жаны Базар шайлоо окуругунан шайланган депутат.
Жолдошов Асилбек –К Кожокешайлоо окуругунан шайланган депутат.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы транспорт,курулуш, өнөр жай, кайра иштетүү, энергетика, айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу жаратылышты коргоо экология жана тоо кендери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
төрагасы | Ж.Нурмаматов |