Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018 -жылдын 24-марты № 20-8
«Ветеринардык посторду уюштуруп кароол канага үй салуу жөнүндө»
Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин аймагына караштуу Кожоке айылындагы Кошчан капчыгайынын киреберишиндеги Кошчан дарыясынын боюндагы А.Чынкараев атындагы балдар эс алуучу лагерине киреберишиндеги жолдун оң жагындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган өрүк бактын узун, турасын 4х7 метр 2-бөлмөлү ветеринардык посту уюштуруп кароол канага үй салуу үчүн ошондой эле келген малдарды, эсептеп киргизүү үчүн айыл Кеңешинин депутаттары төмөнкүдөй токтом кылат.
ТОКТОМ
- Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин аймагына караштуу Кожоке айылындагы Кошчан капчыгайынын киреберишиндеги Кошчан дарыясынын боюндагы А.Чынкараев атындагы балдар эс алуучу лагерине киреберишиндеги жолдун оң жагындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган өрүк бактын узун, турасын 4х7 метр болгон жерге 2-бөлмөлү үй салып, ветеринардык посту уюштуруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
-Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын айыл чарбасынын туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
төрагасы | Ж.Нурмаматов |