Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-апрели № 152
«Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагындагы Адыр ,Бабыр ,Мырза-Аке айылдарынын калктты таза суу менен камсыздоочу системаларын айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алуу жөнүндө»
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап ,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 59 токтомуна ылайык Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагындагы Адыр ,Бабыр ,Мырза-Аке айылдарынын калктты таза суу менен камсыздоочу системаларын айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алуу максатында Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Негизги каражатттардын мүлкттүк комплекске киргизилген техникалык паспорттоштуруу Актысына ылайык :
-негизги каражаттардын баштапкы баасы 11184278 сом
- негизги каражаттардын эскирүү суммасы 4657455 сом
- жер участогунун суммасы (6178 кв.м) 716470 сом
- негизги каражаттардын калдык наркы 6526823 сомду
түзүп, Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагындагы Адыр ,Бабыр ,Мырза-Аке айылдарынын калктты таза суу менен камсыздоочу системалары айыл өкмөтүнүн балансына ( муниципалдык менчик ) өткөрүп берилсин.
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагындагы Адыр ,Бабыр ,Мырза-Аке айылдарынын калктты таза суу менен камсыздоочу системаларын айыл өкмөтүнүн балансына ( муниципалдык менчиикке ) өткөрүп алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Кимсанов |