Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9 - февралы № 10/5
Будалык айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь айылындагы “Шалбаа”
бала бакчасынын капиталдык ремонту MSDSP KG жана ДИПЕКО
уюму тарабынан аткарылып жаткан добоордун иш аракетин көзөмөлгө
алуучу “көзөмөлдөөчү кеңеш” түзүү жөнүндө.
Будалык айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь айылындагы “Шалбаа”бала бакчасынын капиталдык ремонту MSDSP KG жана ДИПЕКО уюму тарабынан аткарылып жаткан добоордун иш аракетин көзөмөлгө алуучу “көзөмөлдөөчү кеңеш” түзүү жана жогоруда аталган долбоорго ылайык “өздүк салымдын” суммасын бекитүү максатында
Будалык айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Будалык айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь айылындагы “Шалбаа”бала бакчасынын капиталдык ремонту MSDSP KG жана ДИПЕКО уюму тарабынан аткарылып жаткан добоордун иш аракетин көзөмөлгө алуучу “көзөмөлдөөчү кеңеш” ата-энелерден түзүлүп, бекитилсин.(тиркелет)
2. MSDSP KG жана ДИПЕКО тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорго ылайык
”Шалбаа” балдар бакчасынын ата-энелер тарабынан топтолгон өздүк салымдын суммасы 30.0 (отуз миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. ”Шалбаа” балдар бакчасынын эски бузулган чатырынын материалдары сапатына ылайык ата-энелер тарабынан 5,0(беш миң) сом деп бааланып, сатылсын жана андан түшкөн акча каражаты 5,0(беш миң)сом мыйзам чегинде банкка төгүлсүн.
4. Жогоруда белгиленген акча каражатын топтоо “көзөмөлдөөчү кеңешке” милдеттендирилсин.
Төрага | С.Рахматов |
Будалык айылдык Кенешинин №10/5
09.02.2017-жылдагы токтомуна тиркеме
Будалык айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь айылындагы
“Шалбаа”бала бакчасынын капиталдык ремонту MSDSP KG жана
ДИПЕКО уюму тарабынан аткарылып жаткан добоордун иш аракетин
көзөмөлгө алуучу ата энелерден түзүлгөн “көзөмөлдөөчү кеңештин”
К У Р А М Ы:
1.Мусаев Чыныбек “көзөмөлдөөчү кеңештин” төрагасы
2.Кыпчакбаев Камчыбек “ көзөмөлдөөчү кеңештин” катчысы
м ү ч ө л ө р ү:
3.Сагынбай уулу Максатбек
4.Макишов Айбек
5.Ажибаев Толкунбек
Будалык айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы: | Ж.Осмонова |