Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-февралы № 13
«Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө”
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VI чакырылышындагы ) кезектеги IV сессиясынын күн тартибиндеги айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин киреше бөлүгү 525 000 (беш жүз жыйырма беш миң) сомго алымча кошумчасы менен чегерилсин.
2.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин төрагасы Арапбаев Нургазыга жайыт салыктарын убагында топтоо жана төгүү жагы милдеттендирилсин.
3.Жайыт комитетинин 2017- жылга бекитилген бюджетин көзөмөлдөө жагы жайыт комитетинин текшерүү комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | С. Курманбеков |