Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-февралы № 14
“Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө”
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VI чакырылышындагы ) кезектеги IV сессиясынын күн тартибиндеги айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин бюджетин киреше жана чыгаша сметасы боюнча маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2017- жылга киреше бөлүгүнүн сметасы: Кара мал 1642 х 75 = 123 150 Жылкы 1051 х 75= 78 825 Кой 7484 х 15= 112 260 Эчки 461 х 15 = 6915
Баардыгы = 321150
Жайыт аянты 5590 га. х 13,90 – 77701
Сыртан келген мал жандыктардын кирешесинин эсебинен -102299 ( кар мал, жылкы бир башына 200 сом , кой – эчкиге бир башына 40 сомдон)
Жалпы = 501150 2.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй бөлүнсүн:
1. Юридикалык жер салыгы – 80000
2.Инфраструктурага 250,0 миң анын ичинен:
-Жангакты, Корс- Этти айылынын жолун Жарык жерге чейин оңдоо – 150,0
-Черик жайытынын суусун оңдоо – 40,0
-Миң –Өрүк айылынын жайытынын суусун оңдоо – 30,0
-Жийде айылындагы Биймурзаев көчөсүндөгү мал суу ичүүчү жолду оңдоо-30,0
3.Айлык маяна – 80,0
4.Концтовар- 5,0
5.Транспорт чыгымы- 30,0
7.Долбоорго – 80,0
Чыгаша бөлүгүнүн бардыгы 525 000 сомду түздү.
2.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин жайыт салыктарынын иштелишин көзөмөлдөө жагы бюджет комиссиясынын төрагасы Б.Мусаевке милдеттендирилсин.
Төрага | С. Курманбеков |