Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-февралы № 15
«Айыл аймагындагы мал бакмачылардын жайлоого көчүп кетүүсү жана кайрадан көчүп келүү мөөнөтүн белгилөө жөнүндө»
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VI чакырылышындагы ) кезектеги IV сессиясынын күн тартибиндеги элдик жыйынынын чечиминин негизинде айыл аймагындагы мал бакмачылардын жайлоого көчүп кетүүсү жана кайрадан көчүп келүү мөөнөтүн белгилөө жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Айыл аймагындагы мал бакмачылар 2017- жылдын 10- апрелине чейин ортоңку жайытка 20- майдан кийин жогорку жайыттарда жатакташсын.
2. 20- апрелден аба ырайынын өзгөрүүсүнө карап 1-майга чейин мал бакмачылар жайлоого көчүп кетишсин.
3. Мал бакмачылар 20- сентябрдан кийин жайлоодон көчүп келишсин.
Төрага | С. Курманбеков |