Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-февралы № 16
«Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн элдеринин малын бакмачыга берүүдө малчынын кызмат акысын белгилөө жана айыл өкмөтүнүн аймагындагы мал жандыктарынын ар бир башына чегерилүүчү жайыт төлөмү жөнүндө»
Ийри-Суу айылдык ке ңешинин (VI чакырылышындагы ) кезектеги IV сессиясынын күн тартибиндеги элдик жыйынынын чечиминин негизинде Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн элдеринин малын бакмачыга берүүдө малчынын кызмат акысын белгилөө жана айыл өкмөтүнүн аймагындагы мал жандыктарынын ар бир башына чегерилүүчү жайыт төлөмү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Мал багуучулар бир баш кой-эчкиге 70 сомдон, бир баш кара малга 350 сомдон, бир баш жылкыга 400 сомдон кызмат акысы алынсын.
2.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында бир баш кара малга 75 сом, бир баш жылкыга 75 сом, кой- эчкинин ар бир башына 15 сомдон жайыт төлөмү бекитилсин. 3. Башка жактан келген кара малга 200 сом, бир баш жылкыга 200 сом, кой – эчкинин ар бир башына 40 сомдон жайыт төлөмү бекитилсин.
4.Ар бир мал башына чегерилген малдын салыгын мал баккан бакмачылардан алуу жагы бекитилсин.
5.Ар бир мал бакмачы айыл аймагындагы орто ңку жана жогорку жайыттарга жатактоо боюнча жайыт комитетинин төрагасы Арапбаев Нургазы менен келишим түзүп чыгышсын.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыт комитетинин төрагасы Арапбаев Нургазыга милдеттендирилсин.
Төрага | С. Курманбеков |