Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-майы № 5-8-6
“Эмгек рыногунда атаандаша албаган калктын айрым категорияларын иш менен камсыз кылуу максатында жалпы дарыгерлер борборуна,суу-канал мекемесине,жылуулук камсыздоо ишканасына, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу мекемесине 2018-жылга 5 жумуш орунга квота бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 295; 314 статьяларына ылайык шаарда эмгек рыногунда бирдей шартта атаандаша албаган калктын айрым категорияларын иш менен камсыз кылуунун кошумча гарантиялары жөнүндөгү Майлуу-суу шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын кайрылуу катын карап чыгып,Майлуу-Суу шаардык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 295; 328 статьяларына ылайык жана райондун аймагында менчигинин жана чарба жүргүзүүнун түрүнө карабастан ишканалар жана уюмдарда иштеген жумушчулардын орточо санынын Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин жарандардын категорияларын ишке кабыл алуу үчүн атайын жумуш орундарынын (квота) саны 2018-жылга карата жалпы дарыгерлер борборуна,суу-канал мекемесине,жылуулук камсыздоо иш канасына,көрктөндүрүү жана жашылдандыруу мекемесине 5 адам жумушка орнотуу квотасы бекитилсин.
2. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык жактан коргоо,билим берүү,саламаттыкты сактоо,укук коргоо,дин маселелери жана депутаттык этика боюнча шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясына (К.С.Базарбаев)жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы (А.Э.Сагындыковага)жүктөлсүн.
Төрага | Б.К.Барбиев |