Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-майы № 5-8-8
“Майлуу-Суу шаарынын мэринин резервтик фондунун жобосун бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын 2016-жылындагы 16-май айындагы №60 сандуу мыйзамы менен, КРнын бюджеттик Кодексинин 24-беренесинде жергиликтүү бюджетинин резервтик фондуна өзгөртүүлөр,толуктоолор киргендигине байланыштуу шаардын мэринин резервтик фондунун жобосун бекитип берүү жөнүндөгү шаардын мэри Н.А.Маматовтун маалыматын угуп,талкуулап,депутаттардын сунуштарын эске алып Майлуу-Суу шаардык Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.А.Маматовтун доклады жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. 2016-жылдын 16-май айындагы №60 сандуу мыйзамы менен КРнын бюджеттик Кодексинин 24-беренесинде жергиликтүү бюджетинин резервтик фондуна өзгөртүүлөр,толуктоолор киргендигине байланыштуу шаардын мэринин резервтик фондунун жобосу бекитилсин.
3. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардын мэрине (Н.А.Маматов) жүктөлсүн.
Төрага | Б.К.Барбиев |
Тиркеме №1
БЕКИТЕМИН
Майлуу-Суу шаардык Кеӊештин
2018-жылдын 15-майындагы сессиясынын
№5-8-8 токтому менен
Тɵрага: _______________Б.К.Барбиев
Майлуу-Суу шаарынын Мэринин камдык корунун
ЖОБОСУ
1. Жалпы абалы
2. Камдык корунун каражаттарын пайдалануунун тартиби.
3. Кредиттер боюнча жооптуу жетекчиси жана иш-аракеттерди топтоо боюнча отчет берүү жол-жобосу.
1.Жалпы абалы
1.1. Жергиликтүү бюджетин (мындан ары-Камдык кору) жыл сайын камдык корунун чыгымдары 1%дан ашык эмес бюджеттик чыгымдардын кɵлɵмүн камсыз кылат.
1.2. Майлуу-Суу шаарынын мэринин камдык коруну Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 2016-жылдын 16-майындагы №59 беренесине ылайык аныкталат.
2. Камдык корунун каражаттарын пайдалануунун тартиби
2.1. Майлуу-Суу шаарынын мэринин камдык корунун жобосуна ылайык каржыланат.
2.2. Камдык корунун каражаттарын шаардын мэри бɵлүштүрɵт.
2.3. Камдык корунан пайдалануучу республикалык бюджеттеги, жергиликтүү бюджеттеги мекеме-ишканалар болууга тийиш.
2.4. Камдык кору шаарда жана областта ɵткɵрүлүүчү чыгашаларын жаба албаган жана кийинкиге калтырууга мүмкүн болбогон каржылык жана экономикалык маданий-социалдык жана башка иш-чараларды ɵткɵрүүдɵ жергиликтүү каржы бɵлүмүндɵ бекитилбеген учурда, тɵмɵндɵгү максатта пайдаланылат:
- майрам күндɵрүндɵ ɵткɵрүлүүчү расмий иш-чараларды ɵткɵрүүгɵ;
- УАМСтын ардагерлерине, локалдык согуштук иш аракеттердин катышуучуларына, мыйзамдык тартипте бекитилген эмгектин ардагерлерине, ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, ВИЧ/СПИД менен ооруган жана аз камсыз болгон шаар тургундарына бир жолу берилүүчү материалдык жардам кɵрсɵтүүгɵ;
- шаар аймагында жайгашкан маданий-социалдык объектилерди жана инфраструктураларды,материалдык, техникалык жактан курулуш иштерин финансылык колдоого жардам берүүгɵ;
- расмий даталарга карата шаардык масштабта ɵткɵрүлүүчү иш-чараларга;
- расмий кесиптик майрамдарга жана эмгеги сиӊген кызматкерлерди сыйлоого байланыштуу берилүүчү сыйлыктарга;
- ɵзгɵчɵ кырдаалдарда жана кырсыктардын алдын алуу боюнча маселелерди оперативдүү чечүүгɵ;
- Аз камсыз болгон үй-бүлɵлɵргɵ каржылык жардам кɵрсɵтүү боюнча кайрымдуулук марафон ɵткɵрүүгɵ;
- Спорттук, ошондой эле маданий жана илимий иш-чараларды ɵткɵрүүдɵ катышуучуларды каржылык колдоого;
- шаар аймагында жашаган КР белгилүү инсандарын КР ɵнүгүүсүнɵ кошкон зор салымы үчүн бир жолку каржылык колдоого.
2.5. Камкордук кору тɵмɵндɵгү максаттарга бɵлүнүп берилбейт:
- шайлоо, референдум ɵткɵрүүгɵ;
- жергиликтүү ɵзүн-ɵзү башкаруу органдарынын жетекчилеринин жана жергиликтүү Кеӊештин иш жɵндɵмдүүлүгүн чагылдырууга;
- муниципалдык кызматкерлерге эмгек маяна жана материалдык колдоого;
- киреше алып келүүчү коммерциялык максатта иш жүргүзүүгɵ;
- мамлекеттик эмес уюмдарды колдоого жана камсыз кылууга;
- бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин айлык маяналарын кɵтɵрүүгɵ;
- шаарда ɵткɵрүлүүчү тойлорду, юбилейлерди уюштурууга, шаан-шɵкɵттүү иш-чараларды ɵткɵрүүгɵ;
- жергиликтүү башкаруу органынын иш алып баруусун каржылык колдоого жана катардагы иш-чараларды материалдык-техникалык жактан камсыз кылууга.
3. Камдык корунун каражаттарынын сарпталышы боюнча отчеттуулук
бɵлүштүрүү боюнча жоопкерчилик
3.1. бɵлүштүрүүчү жана алуучу КРнын мыйзамдарына ылайык алган каражаттарын сактоо, максаттуу жана эффективдүү пайдалануу боюнча жеке жооп берет;
3.2. отчеттордун жыйындысы Майлуу-Суу шаарынын мэринин камдык корунун акча-каражаттарынын максаттуу пайдалангандыгы жɵнүндɵ шаардык Кеӊешке жылына 1 жолу ɵткɵн жыл боюнча шаардын бюджетин кароо учурунда (шаардын мэри) тарабынан кɵрсɵтүлɵт;
3.3. мэрдин камдык корунун азыркы жобосу каражаттарды бɵлүштүрүүдɵ жана колдонууда ɵзгɵртүү колдонулган мыйзамдын негизинде гана болот.
Макулдашылды:
КРнын Каржы министирлигинин
Майлуу-Суу шаардык башкармалыгынын башчысы С. Райимбекова
Аппарат жетекчи Р. Султанбаев