Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-майы № 5-8-10
“Майлуу-Суу шаарында эч кимге катталбаган батирлерди каттоодон өткөрүп берүү жөнүндө”
Майлуу-Суу шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы А.И.Айтиевтин докладын угуп, депутаттардын сунуштарын эске алуу менен Майлуу-Суу шаардык Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы А.И.Айтиевтин доклады эске алынсын.
2. Шаардын аймагындагы мамлекеттик каттоо бөлүмү тарабынан мурда катталбай калган батирлер мыйзамдуу түрдө берилген ордердин негизинде батирдин ээлерине катталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысына (А.И.Айтиев) жана мамкаттоо бөлүмүнүн башчысына (И.Мамытов) жүктөлсүн.
4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардын мэрине (Н.А.Маматов) жүктөлсүн.
Төрага | Б.К.Барбиев |