Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-майы № 5-8-11
“Сары-Бээ аймактык башкармалыгынын (АБ) Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) жылдык планын бекитип берүү жөнүндө”
Майлуу-Суу шаарынын Сары-Бээ ЖПБ төрагасы А.К.Тунтеевтин маалыматын угуп,талкуулап,депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын Сары-Бээ ЖПБ төрагасы А.К.Тунтеевдин маалыматы эске алынсын.
2. Сары-Бээ ЖПБнин 2018-жылга түзүлгөн бир жылдык планы бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Сары-Бээ ЖПБ төрагасына(А.К.Тунтеев) жүктөлсүн.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Бээ ЖПБнин төрагасына (А.К.Тунтеев) жана шаардын мэрине (Н.А.Маматов) жүктөлсүн.
Төрага | Б.К.Барбиев |