Редакцияот 12.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 12-апрели № 08

“Таштандыларды ташып чыгаруу жөнүндө”

Оро айылдык кеңешинин 10-чакырылышынын кезектеги 16-сессиясы Оро айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Сураповдун сунушун карап чыгып талкуулап,

Т О К Т О М  К Ы Л А Т :

1. Оро айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда ички тазалыкты сактоо, таштандыларды ташып чыгаруу максатында ар бир түтүнгө бир айда төлөмдүн суммасы 10(он) сомдон бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Сураповго жүктөлсүн.

 

Төрага

Н.Шадыбеков