Редакцияот 01/03/2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

17-чакырылышынын 1-кезексиз сессиясы

2018-жылдын 1-марты № 3

«Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айылына бала-бакча курууга жер бөлүп берүү жөнүндө»

Кара-Суу айыл өкмөт башчысы Ш.Кабаевдин 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылына карата иш чаралар планын жана 2018-жылы айылдын чыгаан, ишкер атуулдарынын демилгеси менен Кара-Суу айылына типтүү бала-бакча курула тургандыгын жана ага тиешелүү жерге уруксат берүү жөнүндөгү маалыматынын негизинде айылдык Кенештин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 1-кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Айыл өкмөт башчысы Ш.Кабаевдин маалыматы канааттандырарлык жана аймакка типтүү бала-бакча куруу зарылчылыгы бар экендиги белгиленсин.

2.    Аймакка тиешелүү муниципалдык бош жерлерден бала бакча куруу үчүн уруксат берилсин.

3.    Тиешелүү жерди изилдеп, аныктап сунуштоо жагы жер адиси Ж.Үшүмбаевге тапшырылсын.

 

Төрага

Ж.Иманкулов