Редакцияот 27.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылышынын кезексиз ХIV сессиясы

2018-жылдын 27-февралы № 14/1

“Кум-Дөбө айыл аймагында муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн Стратегиясын бекитүү жөнүндө”

Депутаттардын VI - чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын

айылдык кеңешинин депутаттары, Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, Жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапаттарын жакшыртуу максатында, Кум-Дөбө айыл аймагында муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн Стратегиясы жөнүндө USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун жумушчу тобунун төрагасы М.Асанбаевдин Кум-Дөбө айыл аймагында муниципалдык ишкана түзүү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кум-Дөбө айыл аймагындагы муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн Стратегиясы бекитилсин.
  2. Кум-Дөбө айыл аймагында муниципалдык ишкана ачуу (СПА, Таза суу жана таштандыларды төгүү) уюштуруу жана аткаруу жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Асанбаевге милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А.Өмүров