Редакцияот 29.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

кезектеги сессиясы

2018-жылдын 29- марты № 27/16

“Ак-Таш, Таш –Башат айылдарынын таза суу тарифи жөнүндө”

Уч-Коргон айыл аймагындагы Ак-Таш, Таш –Башат айылдарынын айыл тургундары менен болуп өткөн жыйында  таза суу маселеси жөнүндөгү  көйгөйлөрдүн негизинде айылдык кеңештин депутаттары талкууга салып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Ак-Таш , Таш-Башат айылдарынын таза суу тарифи элдик жыйындын негизинде 20 (жыйырма) сом болуп бекитилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын, айыл өкмөт башчысы М.Акматовго жүктөлсүн.
  3. Токтомдун көзөмөлдөө жагы Бюджет, экономика , жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, муниципалдык менчик, инвестиция, жеке ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссия төрагасы К. Ганиевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

М.Уметалиев