Редакцияот 06.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 6-марты № 8

“Жайыт жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө”

     Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июль айындагы №145 “Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 сандуу токтомун жетекчиликке алып Ленинполь айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Бакай-Ата айыл аймагында жайгашкан чыналуусу 110/35/10 квт болгон “Победа” комок чордонун кенейтуу учун кошумча № 966 контурдан 800,0 м2 жайыт жер аянтын болуп берууго макулдук берилсин.

2.Болунгон жер аянты “Айыл чарба багытындагы жайыт жер категориясынан” “Өнөр жай жана транспорт категориясына” которуу жагы Бакай-Ата райондук администрациясынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Доулбековго жүктөлсүн.

 

Төрага

Н.Шадыбеков