Редакцияот 19.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 19-марты № 15

«Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин чыгашадан ашкан кирешесин бөлүштүрүү жөнүндө»

Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин чыгашадан ашкан кирешесин бөлүштүрүү максатында Ленинпол айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    2017-жылдын бюджетинин 1521,0 миң сому чыгашадан ашкан кирешеси төмөндөгүчө бөлүштүрүлгөн:

-969 153 сом 2018-жылдын 26-январындагы №1 токтому менен бекитилген;

-200,0 миң сом 2018-жылдын 6-мартындагы №8 токтому менен бекитилген;

-313,8 миң сом таза суу түтүктөрүн сатып алууга;

-38052,75 сом СПА материалдык жардам;

2.    Атайын каражаттардан калган 361,1 миң сом төмөндөгүчө бөлүштүрүлгөн:

-161,9 миң сом СПА материалдык жардам;

-120,0 миң сом колонкаларды сатып алууга;

-8711,75 сом ЖКХ электр энергиясын төлөөгө.

-38,5 миң сом Наристе жана Мээрим балдар бакчасынын ар кандай чыгымдарына;

-32,0 миң сом Наристе балдар бакчасына эмерек алууга

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ленинполь айылдык кеңешинин бюджет комитетине тапшырылсын.

 

Төрага

Н.Шадыбеков