Редакцияот 18.05.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 18-майы № 06

“Турак жай салууга кошумча жер аянтын бекитип берүү жөнүндө”

Оро айылдык кеңешинин 10-чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы Оро айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Сураповдун сунушун угуп, талкуулап,

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Оро айыл өкмөтүнүн Кыргызстан айылындагы эски парниктин үстүнөн (каналдан үстү жагынан) 0,60 га кошумча жер участогу турак жай салганга айыл өкмөт башчысынын сунушунун негизинде бекитилип берилсин. (сунуш тиркелет)

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Сураповго жана жер адиси Т.Жаманкуловго жүктөлсүн.

 

Төрага

Н.Шадыбеков