ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
25 чакырылышынын 6 кезексиз сессиясы
2017-жылдын 27-июну № 21
“Бала-Саруу айылына бала-бакча, Покровка айылына кичи футбол аянтчасын курууга макулдук берүү жөнүндө”
Бала-Саруу айылы Покровка айыл өкмөтүнө караштуу экинчи чоң айыл. Айылдын эли бала-бакчага муктаж. Покровка айылы райондун борбору болуп эсептелинет, спорт зал, спорт аянтча жок. Бала-бакча, кичи футбол аянтчаларын куруу мезгил талабы. Покровка айыл аймагынын жалпы элдик жыйынынын 2017-жыл 20-июнундагы №7 протоколунун негизинде айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Покровка айыл аймагынын жалпы элдик жыйынынын 2017-жыл 20-июнундагы №7 протоколу бекитилсин
- Покровка айыл өкмөтүнө Талас облусунун өнүктүрүү фондусунун эсебинен Бала-Саруу айылына бала-бакча, Покровка айылына кичи спорт аянтчасын куруу үчүн макулдук берилсин
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б.Жалиловго тапшырылсын
Төрага | М.Садыков |