Редакцияот 27.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

25 чакырылышынын кезексиз 6 сессиясы

2017-жылдын 27-июну № 26

Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк “Азык-Түлүк” программасынын алкагында үч жолу топтуу группага окуу өтүлүп, окуткан окутуучу үчүн эмгек акы төлөө жөнүндөгү кайрылууну талкуулап айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк “Азык-Түлүк” программасынын алкагында үч жолу топтуу группаларды окуткан төрт окутуучуга айыл өкмөтүнүн бюджетинен 12 000 миң сом акча каражаты бөлүнүп, ар бирине эмгек акысы үчүн 3,0 миң сомдон берилсин
  2. КЭБнүн башчысына (К.Жунусбаев) окуткан окутуучулар үчүн эмгек акысын төлөп берүү жагы милдеттендирилсин
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Покровка айыл өкмөтүнүн башчысына (А.Б.Жалилов) милдеттендирилсин

 

Төрага

М.Садыков