Редакцияот 25.12.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVI чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы

2014-жылдын 25-декабры № 17/3

«Чет-Нура айыл аймагында “Карыздык милдеттенмелерди коверциялоо-III, коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын деңгээлин азайтуу” долбоорунун алкагында “Жакыр үй-бүлөлөр тарабынан тал-теректерди тигүү” компонентин ишке ашыруу жөнүндө»

Чет-Нура айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун “Карыздык милдеттенмелерди коверциялоо —III”, коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын деңгээлин азайтуу долбоорунун алкагында Орто-Нура аркылуу тандалып алынган Көк-Ой участкасындагы 1 Га (контур №2720), Суу-Корук участкасындагы 2 Га (контур №2061) жер аянтына тал терек тигүү долбоору ишке ашырылат.

Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XVII сессиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Чет-Нура айыл аймагынын жер комиссиясынын сунушу менен Орто-Нура айылындагы Көк-Ой жана Суу-Корук участкасындагы жалпы 3 Га жер аянты “Карыздык милдеттенмелерди коверциялоо-III, коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын деңгээлин азайтуу” долбоорунун алкагында “Жакыр үй-бүлөлөр тарабынан тал-теректерди тигүү” компонентин ишке ашыруу максатында бөлүнүп берилсин.

2.    “Карыздык милдеттенмелерди коверциялоо-III, коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын деңгээлин азайтуу” долбоорунун алкагында “Жакыр үй-бүлөлөр тарабынан тал-теректерди тигүү” компонентин ишке ашыруу максатында жана жогорудагы компоненттин иш-чараларын көзөмөлдөө үчүн Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 19-декабрь 2014-жылдагы №143 буйругунун негизинде түзүлгөн тандап алуу, мониторинг жана баалоо боюнча (ГСМиО) комиссиянын курамы бекитилсин.

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Кудайбергенов тапшырылсын.

 

Төрага

Ж.Жакыпов