Редакцияот 10.08.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы

2018-жылдын 10-августу № III/VI

“Ача-Кайынды айылынындагы Ой-Терскен орто мектебинин 2018-жылдын 11-июнундагы № 379 сунушун кароо жөнүндө”

Ача-Кайынды айылындагы Ой-Терскен орто мектебинин 2018-жылдын 11-июнундагы №379 сунушун карап жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кенешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы

Т О К Т О М  К Ы Л А Т.

1. Ача-Кайынды айылындагы Ой-Терскен орто мектебинин 2018-жылдын 11-июнундагы №379 сунушу канааттандырылсын.

2. Ат-Башы районундагы Ача-Кайынды айылынын Ой-Терскен орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Турганбаева Гүлүмкан Абыталыповна Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак Грамотасына” жогорку сыйлыкка көрсөтүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак Грамотасына” жогорку сыйлыкка көрсөтүүгө сунуштоо жагы Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

Төрага

А.Мурзалиев