Редакцияот 12.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

7-шайланышынын 32- сессиясы

2018-жылдын 12-апрели № 1

“АРИСтин долбоору аркылуу келүүчү тракторду, 3 корпустуу сокону алуу жөнүндө”

Казыбек айыл аймагынын жергиликтүү бюджет каржылоосунан жайыт пайдалануучулар бирикмесине АРИС долбоору аркылуу келүүчү МТЗ-82,1 жана 3 корпустуу соко алуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен өздүк салым берүү максатында, айылдык Кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2018-жылдын АРИС долбоору аркылуу келүүчү “Беларусь-82,1” жана 3 корпустуу сокону алуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен жайыт пайдалануучу бирикмесине өздүк салым катары 170000 сом бөлүп берүү жагы сунушталсын.

2.Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Б.Аттокуров